Саясий серепчи Сапар Орозбаков: "Биздин чоңдор Москвага жагынабыз деп жатып өлкөнүн баркын кетирип коюшкан"

2019-жылдын февраль айында Москвада "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов менен "Орусиянын темир жолдору" компаниясынын башчысы Олег Белозёровдун жолугушуусу өткөн. Мындан улам "Кыргыз темир жол тармагы Орусияга сатылат" деген жоромолдор пайда болгон. "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүнүн мындай маселеси күн тартибинде жок деген жообуна ишенбегендер бар.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?" деген соболуна саясий серепчи Сапар Орозбаков жооп берди.

Ал темир жол тармагы Орусияга өтөт деген жоромолдор чын болсо чыккынчылык болот деген пикирин айтты.

"Кандай товар өндүрүп чыгарбайлы, аны сатуу үчүн керектөөчүгө жеткирип бериш керек. Ал чыгым товардын баасына барып отурат. Айрым товарларды өндүрүп аны сатууда транспорттук чыгым өтө эле жогору. Дүйнөдө эң арзан транспорт - бул суу транспорту, ал автомобиль транспортуна караганда 3 эсе арзан. Андан кийин темир жол транспорту - ал 2 эсе арзан. Кыргыз өлкөсү деңиздерден алыс жайгашкандыктан суу транспорту болбосу түшүнүктүү. Биздин Совет доорунда курулган темир жолдор болсо Казакстан, Өзбекстан, Орусия аркылуу өтөт. Биздин башка жолубуз жок экенин билген бул өлкөлөр темир жол кызматынын акысын көтөрүп коюп жатышат. Атүгүл жөн эле жолду жаап коюп жатышпайбы, "жол бер" деп жалдырап келсин деп. Биздин экономиканын өнүкпөй жатышынын бир себеби ушул, Кыргыз өлкөсү туңгуюкта жайгашып, башка чоң рынокторго чыгууга жол жок экендигинде.

Кытай Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстанды аралап өткөн жол курат экен дешкенде аябай кубандык эле. Бирок Орусия менен Казакстан Атамбаевди алдаштыбы же коркуттубу, белгисиз, бул багытта Кытай менен сүйлөшүүлөр анын темир жолунун колеясы биздин стандартка туура келбейт экен деген шылтоо менен токтоп калган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенде Кытай менен болгон сүйлөшүүлөр кайра жандангандай боло түшкөн. Акыркы убакта биздин бийлик темир жолду Орусияга өткөрүп берип, ал болсо бизге жол куруп берет экен деген сөздөр айтылып жатат. Атүгүл Владимир Путин келгенде ушуга байланыштуу келишимге кол коюлат экен деген имиштер да тараган. Бул канчалык деңгээлде чын экенин билбейм. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи.

Эгерде бул чын болсо - чыккынчылык. Кытай кура турган жолдон баш тартып, болгон темир жолдун баарын ошол тоскоол жараткан өлкөлөргө өткөрүп берүүнү башкача айтууга мүмкүн эмес. Биз темир жолду өткөрүп берсек, Балыкчыдан Миң-Куш көмүрүнө чейин жол салып берет деп ойлоп жатышса керек да. Биздин президенттер Орусия бизди багып алат деген ойдон арыла албай койду. Бакпайт. Орусиянын ага азыр алы жетпейт. Атамбаев Орусия Камбар-Ата ГЭСин, темир жолду жана башка бир топ объектилерди куруп берет деген стратегиялык план кабыл алды эле, кана курганы? Бир миллиард долларга жетпеген чакан ГЭСтерди курабыз деп, ага да акча таба албай мына-мына деп чоё бергенинен Атамбаевдин өзүнүн чыдамы кетип кууп чыккан. Ага деле болбой Орусияга кайра жармашып жатышат. Орусия геосаясий кызыкчылыктан улам бир нерсени курса куруп коюшу мүмкүн дешет. Ооба, мисалы Украина мындан ары Орусияга каршы чыксам ит болоюн бир ГЭС куруп берчи деп суранса, Орусия ыйынып –ычкынып жатып куруп бериши мүмкүн. Себеби Украинаны кайтарып алат. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн тапкан пайдасы кайсы? Орусия Кыргыз өлкөсүнө жол куруп бербей эле андан каалаганын жасатып алат. Биздин чоңдор Москвага жагынабыз деп жатып өлкөнүн баркын кетирип коюшкан", - дейт Орозбаков.

Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Улугбек Ормонов, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан