Депутат Чыныбай Турсунбеков: “Темир жол тармагын Орусиянын көзөмөлүнө толук өткөрбөө керек”

2019-жылдын февраль айында Москвада "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов менен "Орусиянын темир жолдору" компаниясынын башчысы Олег Белозёровдун жолугушуусу өткөн. Мындан улам "Кыргыз темир жол тармагы Орусияга сатылат" деген жоромолдор пайда болгон. "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүнүн мындай маселеси күн тартибинде жок деген жообуна ишенбегендер бар.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жооп берди.

Ал Кыргыз мамлекети менен Орусия Кыргыз темир жолу тармагын биргелешип иштетүү керек экенин белгиледи.
“Темир жол тармагын Орусиянын көзөмөлүнө өткөрбөй, алар менен Кыргыз мамлекети биргелешип иштешсе болот. Эгерде темир жол иштеп турса, Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына пайдасын тийгизе турган чоң-чоң кендерди иштеткенге толук мүмкүнчүлүк ачылат. Темир жол тармагын иштетүүнү толугу менен Орусияга өткөрбөй биргелешип иштөөнүн башка булактарын тапса болот”, - деди Турсунбеков.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Улугбек Ормонов, экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан