2019-жылдын февраль айында Москвада "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов менен "Орусиянын темир жолдору" компаниясынын башчысы Олег Белозеровдун жолугушуусу өткөн. Мындан улам "Кыргыз темир жол тармагы Орусияга сатылат" деген жоромолдор пайда болгон. "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүнүн мындай маселеси күн тартибинде жок деген жообуна ишенбегендер бар.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

Ал темир жол тармагы эгемендүүлүккө коркунуч туудурбайт деген пикирин билдирди.
“Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө толук өтүп кетти деген маселе жок. Бул жерде эки мамлекет тармакты чогуу иштетүү максатын көздөп жатат. Бул иште Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө коркунуч жаралбайт. Анткени Кыргыз өлкөсүнүн темир жолу Чүйдөн Балыкчыга чейин барат, ал эми Өзбекстандан чыккан темир жол Ош менен бүтөт. Демек, менин жеке пикиримде, эгемендүүлүктү сактай турган жол деп эсептебейм. Мен темир жол боюнча келишимди көрө элекмин. Эгер темир жол тармагын Орусиянын карамагына өткөрө турган келишим болсо, Жогорку Кеңештин кароосуна сөзсүз түшөт”, - деди Масалиев.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары
Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаев, Улугбек Ормонов, саясий серепчи
Сапар Орозбаков, экс-депутат
Каныбек Осмоналиев жана коомдук ишмер
Эмил Үмөталиевдин пикири бул
шилтемеде.