Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: “Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө Кыргыз бийлиги тарабынан кетирген кечирилгис күнөө болот”

2019-жылдын февраль айында Москвада "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башчысы Канатбек Абдыкеримов менен "Орусиянын темир жолдору" компаниясынын башчысы Олег Белозеровдун жолугушуусу өткөн. Мындан улам "Кыргыз темир жол тармагы Орусияга сатылат" деген жоромолдор пайда болгон. "Кыргыз темир жолунун" өкүлдөрүнүн мындай маселе күн тартибинде жок деген жообуна ишенбегендер да бар.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, мамлекеттик эгемендүүлүккө коркунуч жаралбайбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жооп берди.

Ал темир жол тармагын Орусияга берип салуу туура эмес, ар ким өзүнүн аймагына ээлик кылуу керек экенин айтты.
“Темир жол тармагы Орусиянын көзөмөлүнө өтсө, Кыргыз бийлиги тарабынан кетирген кечирилгис күнөө болот. Себеби темир жол - стратегиялык түшүнүк. Биздин темир жолдун чакырымы узун эмес. Бирок ошентсе да ар ким өзүнүн аймагына ээлик кылуусу керек. Эгерде Орусия тарап биздин темир жолго кызыгып жаткан болсо, анда алардын кызыкчылыктары бар деп ойлойм. Кыргыз мамлекетинин да бир топ долбоорлору бар. Бул геосаясат, берип коюу туура эмес. Эки мамлекет биргелешип иш алып барса деле болот”, - деди Осмоналиев.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Жанар Акаев, Исхак Масалиев, Улугбек Ормонов, саясий серепчи Сапар Орозбаков жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан