Кыргыз-Орус мамлекеттеринин ортосунда 6 миллиард доллардан ашуун суммага эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 28-мартта Кыргыз-Орус аймактар аралык конференция өттү. Жыйынга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков жана Орусиянын президенти Владимир Путин катышты. Конференцияга орусиялык жана кыргыз компаниялардын 700дөн ашык өкүлдөрү катышты. Форум Кыргыз-Орус ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калганын билдирет. Кол коюлган келишим жана аймактар аралык макулдашуулар эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө кызмат кылат.