Депутат Ирина Карамушкина: "Бийлик жашырбай эле Атамбаевдин тарапташтарына кысым көрсөтүп жатат"

29-мартта КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кийинки аптада 6-апрелде КСДПнын жалпы республикалык съезди өтмөкчү.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДПнын съездинин алдынан Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынын бири Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул съездди өткөрүүгө тоскоолдук жаратуу аракетиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди.

Анын айтымында, учурда бийликтен "эгер Атамбаевдин командасы унчукпай отурса, тынч жашайт" деген мамиле болуп жатат.

"Бийлик учурда Атамбаевди колдогондорго ачык, уялбай, жашырбай эле кысым көрсөтүп жатат. Мындай көрүнүш качанкыга чейин уланары белгисиз. Байкап көрсөк, Атамбаевдин тарапташтарына кылмыш иштери анын катышуусундагы КСДПнын жыйындарынан кийин козголууда. Мисалы, бүгүн КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева Жалал-Абадга райондук жыйынга учуп кеткен. Ал жерде анын артынан байкоо жүрүп жатканын айтты. Ошол адамдар жашырбай эле унаасы менен артынан жүрүшөт. Мен Ошто жүргөндө да ушундай эле көрүнүш болгон. Мунун баары саясий репрессиянын кадамдарынын бири. Азырынча байкоо, анан кылмыш ишин козгоого өтүшү мүмкүн.

6-7-апрелде каза болгондордун жакындарына жана жаракат алгандарга жардам көрсөтүү боюнча атайын фонд ачылган. Алмазбек Атамбаев бул фондго өз каражатынан акча кошкон. Баарына жардам көрсөтүп жатканбыз. Ал эми Фарид Ниязовго каршы арыз жазган киши ойгонгонсуп, жардамды толугу менен ала албаганы үчүн өч алып жатат. Бирок жардамга көбүрөөк муктаж адамдар болгон да. Ошондуктан мен Ниязовго кылмыш ишин козгоону саясий репрессия деп баалайм. Бийлик элди алдап, Атамбаевге каршы долбоорлорду уюштуруп жатат. Бийликтин бул планы ишке ашпайт жана эртели-кеч бүтөт", - деди Карамушкина.

Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, жарандык активист Алга Кылычов, КСДПнын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан