Айыл жерлерин таза суу менен камсыздоо үчүн жетиштүү каражат бөлүнүүдө, бирок ал туура максатта иштетилген жок. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Төрөбай Зулпукаров айтты.
Эл өкүлдөрү жарандардын ден соолугу чың болушу үчүн өлкөдөгү айыл жерлерин ичүүчү таза суу менен камсыздоо керектигин белгилешти.
Депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөттүн өкүлүнө кайрылып: "Айыл жерлерин таза суу менен камсыздоо үчүн жетиштүү каражат бөлүнүп берилген. Бирок каражат туура иштетилген жок. Бул мыйзам долбоору 2016-жылы ратификациядан өткөн. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштер аткарылды, жыйынтык кандай? Сиз мени уят кылып жатасыз, жыйынга келерден мурун бир аз даярдануу керек да. Жыйынга келип алып мыйзам долбоорун окубай", - деди эл өкүлү.
Комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фонду ортосундагы “Айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу” боюнча Кредиттик макулдашуунун долбоору каралды.