"Өлкөдө жумуш орундары биринчи кезекте чет элдик жарандарга эмес, биздин жарандарга берилиши керек" деген оюн бүгүн, 1-апрелде парламентте Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Зиядин Жамалдинов билдирди.
"Эмне себептен ошол эле Орусиянын аймагында иштөөгө уруксат алыш үчүн биздин жарандар 10 миң рубль төлөп жатса, орусиялыктар биздин өлкөдө болгону 2 миң 500 сом төлөшү керек? Бул нерсени теңдөө керек деген ойдомун. Өткөн жыйында чет элдиктерге жумушка уруксат берүүнү 30 миң сом кылуу сунушу келгенде мен аны колдогом. Анан эмне себептен азыр ал сумманы кайра 2 миң 500 сомго түшүрдүңөр?" - деди Жамалдинов.
Буга жооп иретинде өкмөттүн өкүлү чет элдиктерге жумуш орундары берилгени үчүн өлкөгө инвестиция келип, анын арты менен жаңы жумуш орундары түзүлүп жатканын айтты.
Депутат Улан Примов ага макул болгон жок. "Чет элдиктер кайсы багытта иш алып баратат? Өлкөгө кандай пайда келип жатат? Буларды аныктоо керек. Ооба, макулмун, бюджетти толтуруу керек, бирок аны башка жолдор менен да толтурууга болот", - деди Примов.