Бүгүн, 1-апрелде парламент комитетинде картошка маселесин иликтөө боюнча жумушчу топ маалымат берди. Депутат Абылкайыр Узакбаев жумушчу топ Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна барып, дыйкандар менен жолукканын билдирди.
"Картошканын сакталышынын абалын жана сатуу баасы төмөн болуп жатканын жеринен көрдүк. Дыйкандар чириген картошкалар боюнча бүгүнкү күнгө чейин айтып жатышат. Бул жерде максат Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин жамандоо эмес, чирип кеткен картошка боюнча маселени чечүү керек. Жергиликтүү бийликтегилер эл менен мындан кийин жакындаш керек. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги да дыйкандар менен жакын болушу шарт. Министр бир жерде эле жүрбөй, өтүктү алып жүрүш керек", - дейт Узакбаев.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев дыйкандар менен тыгыз иштешип жатканын айтты. "Азыр картошканын баасы көтөрүлдү 8 сомдон болуп жатат. Убагында эл 4 сом 50 тыйындан сатышкан. Дыйкандарга картошканын башка үрөнүн сунуштадык", - деди Керималиев.