УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков: “Акыркы 8 жылда УКМКнын төрагасы болуп жан сакчылардан баштап журналисттерге чейин дайындалышты”

Бүгүн, 1-апрелде укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКны реформалоону өтүнүштү. Алар кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берүү системин сындашти. Мындан тышкары укук коргоочулар УКМК улуттук коопсуздук боюнча чалгындоо жүргүзүп, коопсуздукту камсыз кылып, коркунучтардын алдын алыш керектигин айтып, бул орган коррупция менен күрөшүү шылтоосунда тергөө жүргүзүшү туура эмес деп жатышат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Чалгындоо органына коррупция менен күрөшүү, тергөө функциясын берүү туура эмес кадам болгон" деген сындар көп айтылууда. УКМК реформаланышы керекпи? деген соболуна УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков жооп берди.

Ал заман, саясий-коомдук түзүлүш өзгөртүүлөргө дуушар болуп жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө УКМКны эле эмес, бүт укук коргоо органдары, сот системи реформаланышы керек. Себеби заман өзгөрүп жатат, саясий-коомдук түзүлүш көп өзгөртүүлөргө дуушар болууда. Комплекстүү реформа болбосо, бул биздин бүгүнкү күндөгү саясий-коомдук түзүлүштөрдө, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө тоскоолдук болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө УКМК Кыргыз мамлекетинде болуп жаткан бардык коопсуздукту, туруктуулукту сактоого болгон аракеттерин жасап жатат. Дүйнө жүзүндө, бардык мамлекетте атайын кызматтын түзүмдөрү, өкүлдөрү мамлекеттин коопсуздугун жана аны сактап калууга аракет кылышат. Бизде акыркы 28 жыл ичинде, тилекке каршы, мамлекет башчылары үй-бүлөлүк кландарын же болбосо тегерегиндеги адамдарды бийликке жакындатып, алар аркылуу укук коргоо органдарын башкарып, саясат түзүүгө тескери иштерди жасап келгени баарыбызга белгилүү. Учурда УКМК буга чейин болуп кеткен ар кандай тескери таасирлерден чыгууга аракеттерин жасап жатышат.

Акыркы 8 жылда УКМКга кимдер гана дайындалган жок. Билими барбы, армияда кызмат өтөгөнбү, айтор жөнөкөй жан сакчылардан баштап журналисттерге чейин дайындап келишти. Алар атайын окуу жайын окубаса, армияда кызмат өтөбөсө, коопсуздук боюнча түшүнүктөрү начар болсо, албетте, бул тармак аксай баштайт. Азыр УКМКнын кадр саясаты жакшы демилге менен өзгөрө баштады. Бирок бул аздык кылат. УКМКда реформа кылуу үчүн биринчи кезекте чалгын, каршы чалгын, терроризмге каршы күрөшүүдө жана өздөрүнүн ишин алып барууда абдан чоң иштерди жасаш керек. Укук коргоо органдарында кандайдыр бир атаандаштык болушу шарт. Укук коргоо органдары биргелешип, бири-бирине жардам берип, чогуу иш алып барышы керек. Алар партия, фракциядан тышкары болуп, мыйзам чегинде иштеши зарыл”, - дейт Медетбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамытканов, Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Абдыгул Чотбаев, эксперт Бурул Макенбаева жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан