Гүлнара Журабаева, БШКнын мүчөсү: "УКМКга байланыштуу кырдаалды тереңирээк талдап чыгышыбыз керек. Бир эле көрүнүштүн артында дагы башка иштер болушу мүмкүн"

Бүгүн, 1-апрелде укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, УКМКны реформалоону өтүнүштү. Алар кылмыш ишин Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берүү системин сындашти. Мындан тышкары укук коргоочулар УКМК улуттук коопсуздук боюнча чалгындоо жүргүзүп, коопсуздукту камсыз кылып, коркунучтардын алдын алыш керектигин айтып, бул орган коррупция менен күрөшүү шылтоосунда тергөө жүргүзүшү туура эмес деп жатышат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Чалгындоо органына коррупция менен күрөшүү, тергөө функциясын берүү туура эмес кадам болгон" деген сындар көп айтылууда. УКМК реформаланышы керекпи? деген соболуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева жооп берди.

Ал УКМКга парламенттик көзөмөл болушу керек деген пикирин айтты.

"УКМК жабык орган, ошондуктан ал ачык-айрым боло албайт. Коомчулук үчүн ачык болгон систем коррупция менен күрөштү эффективдүү кыла алат. "Белизгейтти" эстеп көрөлү. Жадакалса парламент УКМКдан маалымат ала алган эмес. Документтерди көрсөтө алышкан эмес. "Коомчулук алардын ишине көз сала албагандан кийин, иштердин жыйынтыгы кандай болгонун билбегенден кийин УКМКнын ишин ким көзөмөлдөйт?" деген суроо пайда болот. Атайын кызматтарда көзөмөлдүн жоктугу коррупцияны пайда кылат. Менин далилим жок, бирок кайсы бир учурда алар өз кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабы деген ой келет. Анна Капушенкону мисалга алсак, кылмыш иши козголсо деле күбөнүн үйүн эмнеге тинтүүгө алышат? Биз бүгүнкү күндөгү кырдаалга байланыштуу тереңирээк талдап чыгышыбыз керек. Бир эле көрүнүштүн артында дагы башка иштер болушу мүмкүн. Азыр алдыда коркунуч жарата турган нерселердин бир гана бөлүгү, УКМК кимдин калкалоосунда иштейт? Буга чейин Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бар экени айтылган. Балким алардын дагы таасири болгондур. Биз өз алдынча көз карандысыз мамлекетпиз да. Өзүбүздүн улуттук кызыкчылыгыбыз бар. Алар - санариптик Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүү, бизнес коомчулуктун потенциалын жогорулатуу, шарттарды түзүү. Бул жерде Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ролу маанилүү. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы иштебей жатканына ачуум келди", - деди Журабаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков, УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку жетекчиси Максат Мамытканов, Ооган согушунун ардагерлеринин коомдук уюмунун төрагасы Абдыгул Чотбаев, эксперт Бурул Макенбаеванын пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан