Кыргыз өлкөсүндө чек арага байланыштуу чырлар көп жаралат. Бир тарабынан Кыргыз-Тажик чек арасын такташуу маселеси болсо, экинчи жактан Кыргыз-Казак чек арасындагы жүк өткөрүү көйгөйлөрү. Баткен облусунда кырдаал курчуганда ок атуулар, жаракат алгандар, каза болгондор дагы болгон. Жергиликтүү тургундардын өмүрү кооптуу абалда калган бойдон келе жатат. Ал эми Казак-Кыргыз чек арасындагы абалдын айынан ишкерлер зыян тартууда. Бийлик эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын айтканы менен анын жыйынтыгын эл сезип, биле элек.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз-Тажик, Кыргыз-Казак чек араларында жаралган маселелерди бийлик чече албай жатат. Эл мындан жапа чегүүдө. Эмне кылуу керек?" деген соболуна депутат Алмазбек Баатырбеков жооп берди.
Анын айтымында, бийлик чек ара маселесин чечүү үчүн колунан келген аракетин жасап жатат.
“Чек-ара өзү татаал маселе, ага байланыштуу маселелерди дипломатиялык жана колубуздагы болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен чечүү керек. Чек ара 2 коңшу мамлекеттин ортосунда болуп жаткандан кийин, бул маселени 2 өлкө биргеликте, бир тыянакка келип чечиши абзел.
Бүгүнкү күндө Кыргыз-Тажик чек арасында талаш-тартыш жараткан маселенин арты менен чечилбеген жер тилкелери калды. Чечилбей калган бөлүктөрүн 2 өлкөнүн комиссиялары сүйлөшүү жолу менен такташы керек. Дүйнөлүк практикада чечилбей калган жер маселелери саясий жол менен чечилип келген. Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча азыркы күндө такташуу гана маселеси болуп жатат. Кыргыз тарап же Тажик тарап бүгүн чече калалы деген күндө да бул маселе дароо чечилип калбайт. Биргелешип, бир учурда бир чечимге келип, ортодо талаш-тартыш жаралбаганда гана маселе чечилет. Такыр болбогондо да талаш-тартыш маселени пайыздык өлчөмдө чечип алышат.
Кыргыз-Казак чек арасындагы маселе боюнча айтсам, биз эл аралык уюмдарга мүчөбүз, ошол нормаларга такап бул маселени сүйлөшүү жолдору менен чечүү керек. Күч көрсөтүп же урушуу жолу менен чечүү мүмкүн эмес. Бийлик чече албайтат деген ойдон алысмын, себеби кандай гана бийлик болбосун чек ара маселеси - бул 2 тараптуу бийликтин тил табышуусу. Бүгүнкү күндө бийлик колунан келген аракетин жасап жатат. Бирок ошол учурдагы ар кандай жагдайлар болуп кала берет. Мындай акыбал буга чейинки бийликтерде деле болуп келген. Бул маселе бүгүн эле чечиле калбайт жана мындай маселелер кийин да пайда болбойт деген кепилдикти эч ким бере албайт”, - деди Баатырбеков.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Айнуру Алтыбаева, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жана жарандык активист Айбек Мырзанын пикири бул шилтемеде.