Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңеште Кыргыз-Тажик чек ара маселеси талкууланат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маселени кароо күн тартибине коюлган. Бирок депутаттар премьер-министр жыйынга келбегендиктен бул маселени кийинкиге жылдыруу чечимин кабыл алышкан.
13-мартта Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушуна каршы болгон Тажикстандын жарандары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу Баткен-Лейлек жана Исфара-Ворух жолу жабылган. 14-март күнү түштөн кийин абал кайрадан күч алып, чогулган элди таратуу үчүн асманга ок атылган. Атылган октон Тажикстандын 2 жараны каза болуп, 20дай жараны жаракат алганы айтылса, 4 Кыргыз жараны жаракат алып ооруканага жаткырылган.
18-мартта эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аягына чыккан. Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюшту. Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштерин улантууга макулдашышты. Андан кийин Баткен-Лейлек, Исфара-Ворух жолу ачылган.