КСДП: "Асылбек Жээнбековдун партиябыздан чыгууга укугу бар. Ал келип арыз жазып кетиши керек"

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков КСДП партиясынан чыгуу, бирок депутаттык мандатын тапшырбоо тууралуу билдирүү жасады.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Асылбек Жээнбековдо өз алдынча партиядан чыгуу укугу бар экенин, ал үчүн арыз жазып кетиши керектигин айтты. "Асылбек Жээнбеков КСДПнын мүчөсү болгон, бирок саясий кеңешке кирген эмес", - деди Жолдубаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан