"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын жетекчиси курултайга партиянын саясий кеңешинин кайсы мүчөлөрү келгенин билбей турганын айтты

Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өтүп жатат.

"КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов партиянын саясий кеңешинин кайсы мүчөлөрү съездге келгенин билбей турганын айтты. "Алардын баары чакырылган. Саясий кеңештин мүчөлөрү залда отурат. Кимдер келгенин билбейм. Залды кыдырган жокмун да. 4-мартта саясий кеңеш 3-апрелде партиянын съездин өткөрүү чечимин кабыл алган. Иса Өмүркуловдун да эмнеге келбей калганын билбейм", - деди ал.

Ал журналисттердин суроосуна толук жооп бербей, жыйынга шашып кирип кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан