Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын жетектөөчүсү Сагынбек Абдрахманов уюштурган КСДПнын съезди өтүп жатат.
Буга чейин Иса Өмүркулов КСДП кезектеги съездин 3-апрелде өткөрүү чечимин кабыл алганын билдирген. SUPER.KG порталы Өмүркуловго бүгүн Бишкекте өтүп жаткан КСДПнын съездине эмне себептен барбаганын сурады.
Ал парламентте маанилүү маселе Кыргыз-Тажик чек арасы талкууланып бүткөндөн кийин съездге барарын айтты.
"Мыйзамдуу түрдө партиянын саясий кеңешинин чечими менен бүгүн, 3-апрелде КСДП партиясынын кезектеги съезди өтүп жатат. Бул боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн. Жер-жерлерде жыйындар өткөн. Делегаттар шайланган. Бүгүн ошого ылайык, уставдын негизинде съезд өтүүдө. Ал эми мен Жогорку Кеңештеги чек ара маселеси каралып бүтсө съездге барам", - деди Өмүркулов.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгындагы КСДПнын съезди 6-апрелде өтөт.