Бүгүн, 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өтүүдө. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо тапты.
Төрагалыкка Сагынбек Абдрахмановдун талапкерлиги колдоо тапты. "Мага ишеним көрсөткөңүздөргө ыраазычылык. "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы милдетин аткарып бүттү. Мен Атамбаев келет деп күткөм. Эрки жетпей келбей калдыбы, билбейм. Башка татыктуулар бар болчу. Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбеков татыктуу болчу. Алар мени татыктуу деп жатышат", - дейт Абдрахманов.