Депутат Төрөбай Зулпукаров: “Асилбек Жээнбековдун КСДПдан чыгуусу туура”

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асилбек Жээнбеков борбордук трибунадан КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуу тууралуу билдирүү жасады. Ошол эле учурда ал депутаттык мандатын тапшырбай турганын баса белгиледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асилбек Жээнбековдун КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуусун кандай баалайсыз?" деген соболуна депутат Төрөбай Зулпукаров жооп берди.
Ал Асилбек Жээнбековдун КСДПдан чыгуусу туура экенин айтты.
“Партиядан чыгуу же чыкпоо Асилбек Жээнбековдун өзүнүн чечими. Партия экиге бөлүнүп жатса, ортодо анча-мынча ушактар болуп жатат. Ошондуктан анын партиядан кеткени туура эле. Ал жогорудагы көйгөйлөрдөн эски командасынын ичинен кеткени туура болду”, - дейт Зулпукаров.
Дал ушул суроого мурдагы элчи Кылычбек Султан, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аппарат жетекчиси Динимухаммед Ыбрайымов, коомдук ишмер Нурланбек Шакиев жана журналист Тынчтык Алтымышевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан