"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аппарат жетекчиси: "Асилбек Жээнбеков "агам президент болсо, мандатымды тапшырам" десе, анда сөзүнө туруш керек"

Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асилбек Жээнбеков борбордук трибунадан КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуу тууралуу билдирүү жасады. Ошол эле учурда ал депутаттык мандатын тапшырбай турганын баса белгиледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асилбек Жээнбековдун КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуусун кандай баалайсыз?" деген соболуна "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аппарат жетекчиси Динимухаммед Ыбрайымов жооп берди.
Анын айтымында, Асилбек Жээнбековдун КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыкканына эки жактан караса болот.
"Аны жаран катары карасак, ал партиядан чыгабы же чыкпайбы, өзүнүн иши. Ал эми саясатчы катары карасак, Жогорку Кеңештин трибунасынан партиядан чыкканы тууралуу билдирүү кылганы туура эмес деп ойлойм. Жээнбеков "мен партиядан чыктым" деген билдирүүсүн партиянын съездинде айтса туура болмок.
Президенттик шайлоонун алдында Асилбек Жээнбеков "агам президент болсо, мандатымды тапшырам" деп убадасын берген, деген кептерди партиялаштары айтып келишет. Эгерде Жээнбеков чындыгында жогорудагыдай убада берсе, мандатын тапшырышы керек эле", - деди Ыбрайымов.
Дал ушул суроого депутат Төрөбай Зулпукаров, мурдагы элчи Кылычбек Султан, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева, коомдук ишмер Нурланбек Шакиев жана журналист Тынчтык Алтымышевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан