Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Асилбек Жээнбеков борбордук трибунадан КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуу тууралуу билдирүү жасады. Ошол эле учурда ал депутаттык мандатын тапшырбай турганын баса белгиледи.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Асилбек Жээнбековдун КСДП партиясынан өз каалоосу менен чыгуусун кандай баалайсыз?" деген соболуна журналист Тынчтык Алтымышев жооп берди.

Ал Асилбек Жээнбеков партия аркылуу мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалаганын белгилеп өттү.
"Асилбек Жээнбеков КСДПны эң оор учурда таштап кетти. Өзү айткандай, ал партияга кан-жаны менен берилген, эң оор кырдаалдарда партиянын туусун көтөргөн, ошону менен катар партия аркылуу мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалаган эле. Андыктан, ал экиге бөлүнгөн партияны таштап кеткенден эч нерсе утпайт. Тескерисинче кырдаал мынчалык чыңала электе мандатын тапшырып, бирок КСДПнын ажырабай сакталып калышына жан үрөсө болмок. Азыр кеч, партиядагы процесс ага көз каранды эмес. Анын үстүнө ал партиядан кетип, фракцияда калганы абдан талаштуу болду", - деди Алтымышев.
Дал ушул суроого депутат
Төрөбай Зулпукаров, мурдагы элчи
Кылычбек Султан, КСДПнын расмий өкүлү
Кундуз Жолдубаева, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аппарат жетекчиси
Динимухаммед Ыбрайымов, коомдук ишмер
Нурланбек Шакиевдин пикири бул
шилтемеде.