Санкт-Петербургда дарыяга түшүп кетип каза болгон Кыргыз жараны Ош облусунун тургуну болуп чыкты

1-апрелге караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы дарыянын жээгинен Кыргыз жараны эс-учу жок абалда табылып, ооруканага жеткенде каза болуп калганы кабарланган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал сууга түшүп кеткен.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги каза болгон жаран Ош облусундагы Араван районунун 1970-жылы туулган Б.А.М. аттуу тургуну экенин кабарлады. Ал эми маркумдун сөөгү Орусиянын тергөө органдарынын уруксаты берилген соң мекенине жибериле турганы айтылды.

Маалым болгондой, каза болгон адамдын Орусияда уулу жана небереси бар. Алардын тез арада Кыргыз өлкөсүнө келүүсү үчүн тийиштүү документтер даярдалып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jyldyzay
2019-04-05 03:23:46
4-апрелде уйлопуно жонотулду. Эртен 5-апрелде жерге берилет. Арты кайырлуу болсун. Калган омурун баласы кыздарына берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан