Атамбаев "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын курултайы тууралуу: "Жасалма съездге бир дагы депутат барган жок"

Кечээ, 3-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын Чүй облусундагы жыйынына катышты. Анда Атамбаев "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын курултайы тууралуу пикирин айтты. "Асылбек Жээнбеков биздин партиядан чыкканын айтты. Ал чыр, интрига үчүн кеткенин айтыптыр. 17-мартта Мээрбек Мискенбаев "Жээнбековдорсуз КСДП" деп айткан. Эки Жээнбеков биздин партиядан чыгышты.

Жасалма съездге бир дагы депутат барган жок. Съездге тагылган баннердин сүрөтүн көрсөтүштү, төрт сөздө эки ката. Ал жерде Сагынбек Абдрахманов эле эмес, орус тил мугалими Жээнбековдор жардам берди да", - дейт ал.

Кечээ "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.

Атамбаев "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын курултайы тууралуу: "Жасалма съездге бир дагы депутат барган жок"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан