Борбор Азиядагы Америка университети "Айылдык китепканаларга китеп белек кылалы!" акциясынын алкагында айылдык китепканаларга китеп чогултуп берет

28-ноябрь күнү Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) "Айылдык китепканаларга китеп белек кылалы!" аттуу акция башталат. Аталган акция коомчулуктун көңүлүн айылдагы китепканалардын казынасын толтурууга буруу максатында уюштурулууда. БААУдан билдиришкендей, айылдык китепканаларды китептер менен камсыз кылуу дайыма чоң маселе жаратып келет. Андыктан аздыр-көптүр салым кошууну көздөп ушундай демилге көтөрүлүптүр. Акциянын жүрүшү тууралуу айтсак, ага айылдык китепканага китеп белек кылууну каалаган бардык каалоочулар катыша алышат. Чогулган китептер Чүй облусундагы айылдык китепканаларга берилмекчи. Каалоочулар китептерин төмөнкү дарекке алып келишсе болот: Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү 205, БААУнун башкы имараты. Акция 10-декабрга чейин уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан