Жогорку Кеңеште "Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

"Жарандардын турак жай шарттарын жакшыртуу талабын толук масштабдуу канааттандыруу максатында, контракттык турак жай-сактык институтун түзүү сунушталууда. Буга байланыштуу ошол институттун укуктук негиздерин жана толук кандуу ишин камсыз кылуу үчүн мыйзамдуу ченемдерди белгилөө маселеси келип чыкты.

Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын иши банк ишине окшош болгондуктан, контракттык турак жай-сактык каражаттар системинин катышуучулары үчүн депозиттерди коргоо системин колдонууга киргизүү зарылчылыгы келип чыгууда. Ал Кыргыз Республикасында контракттык турак жай-сактык каражаттар механизмин өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Мындан улам, турак жай шарттарын жакшыртууда жарандардын суроо-талаптарын канааттандыруу үчүн турак жай-сактык контракттык институтунун укуктук негиздерин жана толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдык ченемдерди белгилөө максатында мыйзам долбоор демилгеленген", - деди мыйзам долбоорун демилгечилердин бири депутат Акылбек Жапаров.

Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутат Наталья Никитенко: "Контракттык турак жай-сактык каражаттар системи сыяктуу уюмдар бар, алардын ишине тыкыр көзөмөл керек", - деген сунушун айтты.

Мыйзам долбоору 1-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан