Кечээ, 3-апрелде АФК Кубогунун алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Дордой" клубу Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубун кабыл алды. 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталган беттештен кийин бишкектик клубдун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюндун жыйынтыгына талаадагы газондун сапаты да чоң таасирин тийгизгенин белгиледи.
Газондун даяр болбой калгандыгынын себебин аталган стадиондун директору Жеңишбек Кызалаков туруксуз аба ырайы менен байланыштырды. Анын айтымында, мартта жаан чачын көп болгондуктан оюн талаасын даярдоого убакыт аз бөлүнүп калды.
"Өзүңүздөр билгендей, март айында жаан-чачын көп болду. Мунун айынан газонду даярдоого 20 күнгө жетпеген гана убакыт бөлүп калдык. Эртерээк киришкенде башкача жыйынтык болмок.
Негизи талаадагы чөптүн баарын алып салып, жаңы газон өстүрүш үчүн кеминде 5-6 ай убакыт керек болот. Кийинки оюн 1 жарым айдан кийин өтөрүн эске алсак, бизде убакыт жетишсиз. Ошондуктан азыркы газонду сугарып, чөп чыкпай калган жерлерине жаңысын себебиз. Кийинки беттеш идеалдуу газондо өтөт деп убада бере албайм. Бирок кечээги оюндагыга караганда алда канча сапаттуу газон болот", - деди Кызалаков.