УКМК чалгындоо иштерин жүргүзүүдө почтаны окуу, сүйлөшүүлөрдү угуу жана биометрикалык маалыматтарды алуу сыяктуу ыйгарым укуктарды кеңейтүүнү суранууда

УКМК чалгындоо иштерин жүргүзүүдө почтаны окуу, сүйлөшүүлөрдү угуу жана биометрикалык маалыматтарды алуу сыяктуу ыйгарым укуктарды кеңейтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Белгилүү болгондой мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү.

Мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмөнүн айрым бөлүктөрү.

- Кылмыш-процессуалдык кодексинин 31-беренесине 1-1 деген бөлүм кошулат. Ага ылайык тергөөчү соттун ыйгарым укуктарына чалгындоо иш-чараларын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алуу укугу берилет. Анын ичинде жеке кат алышууну окуу, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү угуу, почта, телеграфтан бериле турган маалыматтарды алуу, кол тийбестиги бар турак-жайларды текшерүү укугу бар.

- Кылмыш жана жаза аткаруу кодексинин 84-беренесинин 2-бөлүгү абактарда оперативдүү издөө иштери менен биргеликте чалгындоо иш аракеттерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул жазасын өтөп жаткан жарандардын арасындагы мыйзамсыз иштерди чалгындоону эффективдүү кылганга өбөлгө түзөт.

- "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана күрөшүү" жөнүндө мыйзамындагы 25- жана 28-беренелерине ылайык адам сатуунун курмандыгы болгондорго жардам берүүчү органдардын катары чалгындоо ишмердүүлүгүн жүргүзгөн адамдар менен толукталат.

- Тышкы чалгындоо жана каршы чалгындоо ишмердүүлүгүнүн милдеттерин эске алганда төмөнкү бөлүмдөр кошулат:

  • Субъекттин уруксатысыз анын биометрикалык маалыматтарын алуу мүмкүнчүлүгү;
  • "Административдик ишмердүүлүк жана административдик процедуранын негиздери" жөнүндө мыйзамынын чалгындоо ишине тиешесин токтотуу;
  • Чалгындоо ишинен кийин субъекттин өздүк маалыматтарын блоктоо укугун чектөө;
  • Тышкы чалгындоо жана каршы чалгындоонун иши жөнүндө маалыматтарды алууга чектөө;
  • Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун чалгындоо ишине кийлигишүүсүн токтотуу (кыйноолордон сырткары);
  • Чалгындоо ишине катышкан чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактардын, алардын туугандарынын өмүрү, ден соолугу тобокелчиликтер менен байланыштуу. Кызматташтык тууралуу маалыматтарды жайылткан фактылар катталса жарандар мыйзамга ылайык соттолушат. Айрым өлкөлөрдө өлүм жазасы дагы бар. Буга байланыштуу кызматташтык боюнча жаңы инструменттерди иштеп чыгуу зарылдыгы чыгат. Мындан улам улуттук коопсуздукту камсыз кылууга салым кошкон жарандарга, алардын туугандарына жөнөкөйлөтүлгөн тартип менен Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү сунуш кылынат.

"Чалгындоо жана каршы чалгындоо ишмердүүлүгү" айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору толугу менен өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан