Ош шаарында “Адеп башаты” коомдук фонду менен “Элим, барсыңбы?” коомдук фонду биргеликте Рамазан айына карата “Орозо баштыгы” аттуу акция уюштурушту. Ичине азык-түлүк салынган баштыктар шаардагы жардамга муктаж бей-бечараларга, балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө таратылууда. “Улгайган адамдар, жаш балдар орозо кармай албагандыгына байланыштуу баштыкка салынган азык-түлүктөрдү таратуудабыз. Ар бир баштыкта 500 сомдук азык бар. 250дөй адамга таркатканга үлгүрдүк, буюрса, орозо бүткөнчө дагы улантабыз”- дейт “Адеп башаты” коомдук фондунун башчысы Марс Ибраев.