Бүгүн, 5-апрелде өкмөттө күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары тууралуу маалымат угулуп жатат. Анда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов жана "Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын төрагасы Азамат Абдыкадыров баяндама жасады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев алардын отчётун сындады.
“Өлкөнүн экономикасын энергетика тармагы артка тартып жатканы өкмөттүн отчётунда көрүнүп турат. Энергетика тармагы коррупциялашкан. Бул тармакка эл ишенбейт. Баарыбызга өкмөткө баа бере турган күн келди. Мен өкмөт башчы катары бардык тармакты түшүндүм. Калп, чын айткандарды дагы билдим. Бүгүн 40 мүнөт энергетика тармагындагы эки жетекчинин отчётун убакытты кетирип уктук. Бирок эмне жөнүндө айтылганын түшүнгөн жокпуз”, - дейт өкмөт башчы.