Премьер-министр: "Түрмөдөгү көйгөйлөрдү уксаңыз чачыңыз тик турат"

Бүгүн, 5-апрелде өкмөттө күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары тууралуу маалымат угулуп жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү көйгөйлөргө токтолду.

Ал түрмөдөгү маселелер тууралуу айтты. "Мелис Турганбаев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагалыгына жаңы эле келди. Түрмөдөгү көйгөйлөрдү уксаңыз чачыңыз тик турат. Ал жерде мамлекет жок. Түрмөнүн системинде мамлекеттин орду жок. Ал жерде өзүнчө топтор башкарып, өзүнчө киреше табышат экен. Ушундай көйгөйлөрдүн баарын эртең эмне болот деп отурбай, бүгүн чечишибиз керек", - дейт өкмөт башчы.

Ошону менен катар эле премьер-министр эми реформаларды кылуу керектигин айтты. "Кылган ишибизди айтпай, тынч иштедик. Бир жылдан бери кайсы жерде кандай көйгөйлөр бар экенин түшүндүк. Эми реформаларды кылыш керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан