“Коопсуз шаар” долбоору ишке ашкандан кийин жол кырсыгынан жабыркагандардын саны 44,4 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди. “Кыргыз өлкөсүндө жол кырсыктарынын саны 37,5 пайызга азайды. 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 бузуу катталып, алардын ичинен 15 миң 411 айып пул 15 күндүн ичинде 20 миллион 202 миң сом суммасында төлөнгөн”, - дейт министр.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: "Биздин максатыбыз - акча чогултуу эмес, коомго тартип орнотуу. Жол кырсыктарынын саны азайганы үчүн жарандарга, айдоочуларга ыраазычылык билдириш керек. Алар биз кабыл алган тартипти аткарып жатышат", - дейт.