"Мунайзат тармагы боюнча Кыргыз-Орус кызматташууга каршы чыккандар экономика боюнча түшүнбөгөндөр" дейт өкмөт башчы

Бүгүн, 5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусия президенти Владимир Путиндин сапарынын алкагында мунайзат тармагында кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлганын эске салды.

Ал "Газпром" ачык акционердик коому менен кызматташуу боюнча айтты. Өкмөт башчы аталган компания газ транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө 16 миллиард рублга инвестиция жасап, республика 30 пайызга газдаштырылганын айтты.

"Кыргызмунайгаз" боюнча жол картасына кол коюлду. Чечимдерди биздин экономикага болгон салымын, ишке ашырыла турган социалдык программаларды, канча жумуш орду түзүлөрүн, канча салык түшөрүн эске алуу менен кабыл алабыз. Эгерде бул биздин кызыкчылыктарга жооп берсе, анда чечим кабыл алынат. Каршы чыккандар экономика боюнча эч нерсени түшүнбөгөндөр же жөн гана мунайзат тармагыбыздын өнүгүүсүн каалабагандар. Биз ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзгөн жана биздин мыйзамдарга жооп берген туура саясатты жүргүзөбүз", - дейт Абылгазиев.

Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкек шаарына келгенде Кыргыз Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Орусиянын "Газпром" ачык акционердик коомунун ортосундагы мунайгаз тармагындагы инвестицияга тийиштүү жол картасы бекитилген. Жол картада "Кыргызмунайгаз" компаниясынын активдерин жана мүлкүн "Газпромго" берүүнүн шарттары көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан