Депутат: "Саламаттыкты сактоо тармагындагы жалпы саясатты өзгөртүү керек"

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйыны болуп өттү. Аталган жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат угулду.

Жыйында депутат Мирлан Бакиров жарандар жылдан жылга дарыны көп колдоно баштагандыгы кооптуу экенин айтты. "Элдин саламаттыгын алдын алуу боюнча иштерге басым жасоо керек. Ошону менен катар медициналык кызмат көрсөтүүдөн кошумча нарк салыгын алып салуу зарыл", - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Абылкайыр Узакбаев борбор калаада бир эле дары ар жерде ар башка баада сатылып жаткандыгы эске салынбайбы деген маселени айтып чыкты.

Мындан тышкары депутат Алтынбек Жунус уулу мамлекеттик "Тез жардам" менен жеке "Тез жардам" кызматтарын, мамлекеттик ооруканалардагы кайдыгер мамиле менен жеке ооруканалардагы тиешелүү мамилени салыштырып, "саламаттыкты сактоо тармагындагы жалпы саясатты өзгөртүү керек" дейт.

Жыйынтыгында айтылган сын-пикирлерди Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эске алынышы тапшырылып, берилген маалыматты эске алуу чечими кабыл алынды. Ошону менен катар фракция депутаттары жакынкы айларда аталган министрликке көчмө жыйын өткөрөрүн дагы белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elchi84
2019-04-05 16:18:08
Албетте коп колдонулат дарыларды доктурга барсан ар кандай дарыларды жазып берет ушуну ич деп анан эмне кыласын жан керек ичесин да.Аптекага кирсен китайский жана российский деп сатат кайсы дары шыпаа берет билбейсин .Дарылар чондордун эле бизнеси башка эле .
+1
Missing-u
2019-04-05 16:32:43
Бир жагынан профилактикага элдер озуда конбойт. Журок кан тамыр оорулары боюнча алдынкы орунда турабыз,даарысы жок Диета десен чалкасынан кетишет сен тамагын тартып алгансып,андан коро даары жазып бер укол кое кой дешип. Жаш балдары ооруп барса даарыдан мурдагы уходту айтып бул жардам бербесе дары жазайын десен уруша кетишет,карабады деп.


Частныйлардын айлыгы коп,гостогуларга да айлык которуп койгула аларда сылыктан сылык суйлоп калышат. Отуруп алып суйлош оной иштеп корсоно
+1
Missing-u
2019-04-05 16:39:26
Даары дармектердин баасына озунор куноолуу болсонор керек,таможнядан акча бергенин баарын откоруп,текшеруу кылбай аны минздрав эмес финпол текшерсе жакшы болот эле анын устуно мараторий жарыялап койдунар каалаганынарды кылгыла деп.

Тез жардам частныйдын ичинде бардык аппаратурасы иштейт ошогода кымбат,а биздикинин ичинде аппараттын местасы бар озу жок. Аныда ортодо кыйыныраагы сатып иштеп калган бут эле а жаны алганы бюджет жетпейт,даже бензинине да акча жок деп отурасынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан