Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.
Ал УКМКнын сунушу туура эмес деген пикирде.
“Бул репрессия убагындагыдай көрүнүш. УКМКнын сунушу колдоо тапса, биз коомдо жашаганыбыз менен тордун ичинде калып калган куш сыяктуу болобуз. Бардык тараптан көзөмөлгө алып турган коомдо жашап туруп, абакта отургандай чектелип калабыз. Кыргыз мамлекетинин жарандары унчукпай койбой же социалдык түйүндө ыйлактап отура бербей тезден коңгуроо кагышыбыз керек. Бул кооптуу көрүнүш. Таасирдүү иш-аракеттер менен УКМКнын сунушуна каршы чыгышыбыз керек”, - дейт Токтонасыров.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочулар Рита Карасартова, Таалайгүл Токтакунова, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, журналист Мирбек Айтикеевдин пикирлери бул шилтемеде.