Нариман Түлеев боюнча өтүп жаткан соттук отурум 2 саатка токтотулду

29-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэр, депутат Нариман Түлеев боюнча өтүп жаткан соттук отурум саат 14:00гө чейин токтотулду. Мындай чечимди судья Аман Сариев жарыялады. Сот залында айыпталуучу экс-вице-мэр Валерий Корниенкого медициналык жардам көрсөткөн “Тез жардам” кызматкерлери Корниенкого убактылуу тынчтык керектигин айтышты. Эске сала кетсек, "Кытайдан автобустарды алып келүүдө ири суммадагы акчаны мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алган” деп экс-мэр Нариман Түлеев, "Тазалык" ишканасынын жетекчилик кызматын убактылуу аркалаган Бакыт Сыдыков, Бишкек мэриясынын автоунаа ишканасынын экс-директору Медет Кожобергенов, мурунку вице-мэр Валерий Корниенко, Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилери Руслан Бейшенбаев жана Билимбек Токтобеков айыпталышууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан