Бул мыйзам долбоорунун максаты - чалгындоо иштерин жүргүзүүдө мыйзам актыларын колдонуу үчүн укуктук шарттарды түзүү. УКМКнын бул сунушу коомчулукта ар түрдүү пикирди жаратып жаткан мезгили.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатат. Бул адам укуктарын бузууга, жарандардын эркиндигин чектөөгө алып барбайбы?" деген соболуна журналист Мирбек Айтикеев жооп берди.
Ал УКМК жарандардын биометрикалык маалыматтарын алууга, сүйлөшүүлөрүн тыңшоого, жазышууларын окууга уруксат сурап жатканы аша чапкандык экенин белгиледи.
“УКМК сунуштаган бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса жарандардын сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктары үчүн коркунуч жаралат. Сунушталып жаткан мыйзамы жок эле аталган комитет жарандарды тыңшап келет. Азыркы демилгеси Баш мыйзамга каршы келе турган иш. Ага карабай сүйлөшүүлөрдү тыңшап, жеке каттарды окуп турушат. Буга оппозицияда жүргөн жарандардын сүйлөшүүлөрү ЖМКларына жарыяланып кеткени далил.
Эгерде биометрикалык маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүк берилсе, алар бийликке каршы болуп жүргөн жарандын моюнуна кандайдыр бир кылмышты жасады деп, кылмыш ишин илип койгонго шарт түзүлөт. Анткени биометрикалык маалыматка адамдын беш манжасы тең берилген. Ал эми бул мыйзамдын кабыл алынуусуна Жогорку Кеңештин депутаттары каршы тура албайт. Ал үчүн эрктүү, өз оюн айта алган жана артында маселеси жок болгон адамдар парламентке келиши керек. Бүгүнкү күндөгү парламенттин абалы баарына белгилүү. Алар бийликтин сунушун 100 пайыз кол көтөрүп, кабыл алып беришүүдө. Ошондуктан эркиндикти сүйгөн жарандар бул мыйзамдын кабыл алынуусуна каршы чыгып, жол бербешибиз зарыл. Тынчтык акцияларын өткөрүү аркылуу каршы турушубуз керек”, - деди Айтикеев.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, жарандык активисттер Адил Турдукулов, Өндүрүш Токтонасыров, укук коргоочулар Рита Карасартова, Таалайгүл Токтакунова, Динара Ошурахунова, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикирлери бул шилтемеде.