Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте "Медиа Форум" имаратында КСДПнын кезектеги 18-съезди саат 10:00дө башталып, жабык эшик артында өттү.
Съездден кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган президенттердин ишмердүүлүгүн чектөө тууралуу пикирин билдирди. Ал чектөөлөр Конституцияга каршы келет деген пикирин айтты.
"Мага кылмыш ишин козгоо үчүн кылмыш жасашым керек. Мен Кудай алдында, эл алдында тазамын. Азыр коррупция менен күрөшпөй эле саткындар сатпагандар менен күрөшүп жатат. Бир акыныбыз "сатылгандардын арасында болбой, атылгандардын арасында бол" деп 2 сап ыр жазган. Биз саткындарга кошулбайбыз, андан көрө атылгандарга кошулабыз", - деди экс-президент.