Нурдин Абдылдаев өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 26-июль күнү кол койгон. Бүгүн, 29-июлда өкмөттүк аппараттын өкүлү Абдиталип Камалов жаңы дайындалган орун басар Нурдин Абдылдаевди эмгек жамаат менен тааныштырды. Эске салсак, буга чейин бул кызматты аркалап келген Кушбак Тезекбаев прмеьер-министрдин буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, "Кыргыз турак жай коммуналдык бирикмесинин" башкы директору болуп дайындалган.