Кундуз Жолдубаева: "КСДПнын саясий кеңешинин мурунку курамы жоюлду"

6-апрелде КСДПнын съездинен кийин партиянын өкүлдөрү журналисттердин суроолоруна жооп беришти. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева съездде кабыл алынган резолюция тууралуу кеп кылып жатып, партиянын саясий кеңешинин мурунку курамы жоюлганын билдирди.

Анын айтымында, КСДПнын жаңы саясий кеңешине Жогорку Кеңештин 8 депутаты кирген.

"42 адам саясий кеңештин мүчөсү болду. Саясий кеңешке депутаттар Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мурадыл Мадеминов, Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков, Карамат Орозова, Альфия Самигуллина, Мухтарбек Айнакулов кирди", - деди Жолдубаева.

Мындан тышкары 3-апрелде өткөн съезд тууралуу пикирин билдирип, анын мыйзамсыз деп билдирди.

КСДПнын саясий кеңешинин мурунку курамы жоюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан