Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу митинг-реквиеми өтүп жатат

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында актриса Жаркын Балыкбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Актрисаны акыркы сапарга узатууга анын кесиптештери, өкмөт өкүлдөрү жана маданият ишмерлери келишти. Коштошуу сөзүн драматург, коомдук жана саясий ишмер Султан Раев алып сүйлөдү.

6-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү актриса Жаркын Балыкбаева 77 жашында Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган. Анын сөөгү бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Жаркын Балыкбаева Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында актриса болуп иштеп, акыркы жылдары театрдын алдындагы окуу жайда актёрлук чеберчилик боюнча сабак берип келген.

Ал Эл артисти Эрмек Мойдуновдун жубайы болгон. Жолдошу 2015-жылы 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nur777
2019-04-08 10:20:43
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
Жайы жаннаттан болсун...эрте кетти бул омурдон,окунучтуу..
+1
Nurkyz1977
2019-04-08 10:53:52
77 жаш жакшы эле,ошентсе да омурго тойбойт адамзат. Жаткан жери жайлуу болуп Жараткан билип билбей кетирген куноолорун кечирсин. Азыр кобунчо жол кырсыгынан жапжаш наристе,солкулдаган кыз жигиттерди ,же жаны кырктын кырына барып омурго,жашоого тойбой турган адамдарды жоготуп жатабыз. Аларга салыштырмалуу 77жаш жакшы эле жашаптыр десек болот.
-1
Nur777
2019-04-08 12:25:19
Nurkyz1977,Ооба,бирок 77ге чыккан атанды же апанды олумго кыйбайт элен да,жакшы эле жашады жетет деп...азыркы апа-аталардын кобусу 90 дон ашып жатышат,средняя продолжительность жизни оскон,коп жашасын апа-аталар..
0
Ysakov_Nur
2019-04-08 12:26:12
Митинги реквием дебестен, коштошуу зыйнаты деп жазгылачы.
Кыргызча жакшынакай создорубуз бар го?!
Кыргыз ар нерсеге митинг созун кошуп бутмой болду го?! Олгонуно деле митинг, тируусуно деле митинг. Эми жакында нике-тун митинги деп соз колдонулуп калбаса экен...
Эжебиздин жайы жаннаттан болсун, оомииин...
-1
admin_portal
2019-04-08 15:35:07
Ysakov_Nur, "митинг-реквием", "коштошуу зыйнаты" деп айтылып келет, экөө тең туура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан