Вице-премьер акыркы жылдары айдалбай калган жерлердин аянты азайып жатканын айтты

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров акыркы жылдары айдалбай калган жерлердин аянты азайып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Өлкөнүн дыйканчылык тармагында 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 7 миң гектар жерге көбөйдү. Акыркы жылдары өлкөдө пайдаланылбай калган жерлердин аянты жылдан жылга азайып жатат. 2014-жылы 110 миң гектар пайдаланылбай калган болсо, 2018-жылы 67,3 миң гектар жер айдалбай калды", - дейт Аскаров.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде өкмөттүн отчёту каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ysakov_Nur
2019-04-08 12:34:06
Айыл-чарба министрлигин жоюп салуу керек. Эч кандай жумуш кылбайт алар. Эл озубуз эле трактор таап, майын куюп берип, акчасын толоп жерлерибизди айдатып журобуз.
Министрлик жалган статистикаларды жарыялап отургандан башка эч нерсе билбейт. Министрликке жумшалган акчаларды андан коро элге техника алып бергиле.
+2
senchi
2019-04-08 12:44:01
Ysakov_Nur,эң туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан