Белгилүү актриса Жаркын Балыкбаеванын сөөгүн жерге берүү үчүн "Ала-Арча" көрүстөнүнө алып кетишти.
Маркумду узатуу зыйнатына анын кесиптештери, жакындары жана маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары жана маданият өкүлдөрү катышты.
Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнатында элге таанымал кыргыздын таланттуу кызы катары эл эсинде калары айтылды. Ал "Апамдын махабаты", "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Белгисиз маршрут", "Боз салкын" жана башка тасмаларга тартылып, театрда бир топ образдарды жараткан.
6-апрелде актриса борбордогу ооруканалардын биринде каза болгон.