Мектептердеги балдардын адеп-ахлагына көбүрөөк маани берүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде депутат Өмүрбек Бакиров билдирди.
"Айылдарда мектеп окуучуларынын ортосунда мушташтар токтобой жатат. Бири-бирин бычактап, өлүм менен аяктаган окуялар да жок эмес. Аларды бүгүнкү күндө милиция да токтото албай калды. Берилип жаткан билим сиңбейт, аларды адеп-ахлакка үйрөтүү керек.
Өткөндө Араван районунда болдум, ал жакта мага айылда топ-топ болуп мушташкан мода болуп жатканын айтышты. Мындай топтун башчыларын катуу жазалаш керек, керек болсо 3 күнгө камаш керек. Милициядан коркушпаса мыйзам менен коркутуу керек", - деди депутат.
Ошондой эле депутат билим берүү министрине мектептерде адеп, ыйман сабактары барбы деген суроо узатты. Буга министр жумасына бир жолудан аталган сабактар кире турганын билдирди.