5-апрелде өкмөттүн жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "биз бир жыл бою көйгөйлөрдү изилдедик, эми реформаларга даярбыз" деп айткан. Бул сөзү коомдун сынына кабылды.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөт башчы реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кеткенин айтты. Абылгазиев сөздөн ишке качан өтөт?" деген соболуна депутат Мирлан Бакиров жооп берди.
Анын айтымында, өкмөттүн бир жылдык ишине ушул айдын соңунда парламентте баа берилет.
“Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн иштеп жатканына бир жыл болуп калды. Өкмөт келген программасынын негизинде ишин алып барууда. Кайсы тармакта, кандай мүчүлүштүктөр бар экенин өкмөт жалпы отчёту менен 25-апрелде парламенттин чоң жыйынына алып келет. Ошондо суроолор берилип, баа берилет. "Реформа качан ишке өтөт" деп айтуу туура эмес болуп калат. Анткени бир жылдан бери иштеп жатат. Ал эми конкреттүү реформага качан барат десек, өкмөт ар бир тармак боюнча мыйзам долбоорлорун алып келип аракет кылууда. Бирок маанилүү реформаларды өкмөттөн көрө албай жатабыз.
Өкмөт башчы өзү “реформага муктаж болгон көйгөйлөрдү аныктоого бир жыл кетти" деп айтты. Балким, алар иликтей турган маселелер бардыр. Абылгазиевдин сөзүнүн төркүнүнөн тоо-кен жана энергетика тармагында реформа болот деп түшүндүм. Бул тармакта кандай реформа болору тууралуу парламентке отчёт берүүгө келгенде суроо берип, тактап алабыз деген үмүттөмүн. Бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп баалады”, - деди Бакиров.
Дал ушул собол боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Аалы Карашев, саясий серепчилер Игорь Шестаков, Нурсултан Акылбек жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.