Айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. “Кыргыз Республикасында сүткорлук ишмердикти чектөө жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынышы менен ага ылайык талап кылынган түзөтүүлөр Жарандык кодекстин 2-бөлүгүнө жана “КРнын микрофинансы уюмдары жөнүндө” мыйзамга киргизилген. Ага ылайык, төмөнкүдөй ченемдер киргизилген:

- Жарандык кодекстин 2-бөлүгүнө - эгерде анын суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500 эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүсү жөнүндө милдеттүү ченем, ошондой эле заем келишими боюнча сүткорлук пайыздык коюмдарды колдонуунун кесепеттери

 - “КРнын микрофинансы уюмдары жөнүндө” мыйзамга - пайыздык коюмдарды сүткорлукту чектөө жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен белгилөө  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан