Айыл чарба министрлигинин адистери жаандан кийин пайда болду делген курттарды аныктоо үчүн Баткенге кетти

Буга чейин Эмилбек Эшматали уулу аттуу жаран SUPER.KG'ге кайрылып, Баткен районундагы Сай айыл аймагында белгисиз майда кара курттар пайда болуп жатканын кабарлаган. Ал айдоо-себүү учурунда бул жагдайга айыл тургундары кооптонуп жатканын, атайын адистер келүүсүн өтүнгөн.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги атайын тапшырманын негизинде адистер аталган аймакка жөнөп кеткенин кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримовдун айтымында, адистер 9-апрель күнү жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, андан соң толук маалымат беришет.

Баткендин Сай айылын жаандан кийин белгисиз кара курт каптап кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан