Бүгүн, 9-апрелде ант берген күндөн тарта жыйынга келбеген депутат Насыр Мусаевди мандатынан ажыратуу маселеси боюнча "Кыргызстан" фракциясынын кайрылуусу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралат. Аталган фракциянын кайрылуусун жыйындын күн тартибине киргизүүнү депутат Канат Керезбеков сунуштады.
26-мартта фракция лидери Алмазбек Баатырбеков Насыр Мусаевдин мандатын карап көрүү боюнча фракциянын атынан Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылганын билдирген. Спикер бул маселени кароону Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке жөнөткөн.
Былтыр 18-апрелде Насыр Мусаев Жогорку Кеӊештин жыйынында ант берген. Ал депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келген. Ант берүүгө мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасы менен келген.