Депутат: "Кытайлар өз өлкөсүндө салган жолдорго 25 жыл кепилдик берсе, Кыргыз жергесинде салынган жолдорго 3 эле жыл кепилдик берип жатат"

"Кытайда салынган жолдорго 25 жыл, ал эми бизде кытайлар салган жолдоруна 3 жыл кепилдик беришет" деп бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Ал шаар мэринин орун басарына кайрылып: "Бишкек шаарындагы Профсоюз көчөсү пайдаланууга берилгенине канча убакыт болду? Алты ай болбой жатып жол жараксыз болуп калды. Ал жакка акыркы жолу качан бардыңыз эле?" - деп сурады.

Буга мэрдин орун басары: “Ал жол пайдаланууга берилгенине 1 жыл болду. Акыркы жолу мындан эки ай мурун баргам. Бүгүнкү күндө 45 көчөнүн курулуш иштери 100 пайыз жасалган. Быйыл дагы 4 көчөнүн курулуш иштери толук аяктайт. Экинчи фазада 60 көчөнүн курулуш иштери каралган”, - деп жооп берди.

“Силер экинчи фазаны баштабай туруп, биринчи фазада курулган жолдордун сапаттарын текшерип көрдүңөрбү?” - деп суроо узатты депутат.

“Биринчи фазада курулган жолдор боюнча атайын комиссия тузүлгөн. Учурда 45 көчөнү текшерүү иштери жүрүүдө. Кепилденген убакытка ылайык, 2 жыл убакыт бар”, - деди мэрдин орун басары.

“Антип текшербей эле, Профсоюз көчөсүнө барып бир айланып келсеңер, баары белгилүү болот. Силерде уят деген барбы? Силер кытай компанияларынын кызыкчылыгын коргоп жатпайсыңарбы. Кытайда салынган жолдорго 25 жыл, ал эми бизде кытайлар салган жолдоруна 3 жыл кепилдик беришет. Эмне иш аткарып жатасыңар? Вице-мэрди, силерди эч ким тааныбайт, иш бөлмөңөрдөн чыкпай отурасыңар", - деп сындады депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан