Депутат бир жылга жакын жыйынга келбеген эл өкүлү боюнча чечимди фракция өзү чыгарышы керектигин айтты

Бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында ант берген күндөн тарта жыйынга келбеген “Кыргызстан” фракциясынан депутат Насыр Мусаевдин мандаты тууралуу маселе каралып жатат.

Анда аталган фракциядан депутат Канат Исаев эл өкүлү жүйөлүү себеби жок 30 жолу пленардык жыйынга келбесе мандатынан ажыратыла турганын белгиледи. Анын айтымында, Насыр Мусаев жүйөлүү себеби жок 25 күн пленардык жыйынга катышкан эмес. Исаев билдиргендей, калган күндөрү анын медициналык маалымкаты бар.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков кайрылуусунда Мусаев 45 жолу пленардык жыйынга катышпаганын жазганын эске салды. Абдылдаев мындай маселе боюнча фракция өзү чечим чыгарышы керектигин билдирди.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети бул маселени фракция карап чыгышы керек деген чечим кабыл алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан