“Урматтуу судья, сиз жалгыз эле Түлеевди соттоп жатканыңыз жок. Жаш жигиттерди да ойлоңуз”,-деди бүгүн, 29-июлда экс-мэр Нариман Түлеев соттогу акыркы сөзүн айтып жатып. “Жаш жигиттердин тагдырын да ойлоңуз. Күнөө болсо менде болсун, буюртма берилсе, мага берилгендир. Бул балдардын мөөнөтүн кошкондо 68 жыл болот экен. Мен сынбайм, чыдайм. 70 жыл болсо да чыдайм. Эгерде документтерге карабай турган болсоңор, башында эле айтышыңар керек эле сотту созбой эле коёлу деп. Мындай спектакль коюунун эмне кереги бар эле? Мен эмнеге жактоочуларды жалдап убара болдум? Кыргызстанда эркин соттор жок. Бардык соттор бирөөнүн буйругун аткарышат”,- деди Түлеев.