Депутат жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтууну карап көрүү керектигин айтты

Депутат Иса Өмүркулов жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн карап көрүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Ал жаңы кодекстер күчүнө киргенден тарта жол эрежесин бузуу боюнча канча айып пул бар экенин сурады.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдиргендей, жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдун 7 түрү бар.

Иса Өмүркулов жол эрежесин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу керектигин айтты. "Айып пулду төлөөдө оордук келет. Көлөмү жогору болуп жатат. Бизде айлык, жөлөк пул, ар кандай мамлекет тарабынан каржыланган кызматкерлер бар. Мен айып пулдун көлөмүн башка өлкөлөргө салыштырдым. Орусияда биздин мамлекетке салыштырмалуу аз экен. Бул маселе боюнча карап чыгууну сунуштайм", - дейт Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан